Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7 - сессиясы
2025-жылдын 27-майы № 7/2
Жоош айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларына кошумча тайпа ачуу жөнүндө.
Жоош айыл окмотунун башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин билдирүүсү, Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ”Нураида”, ”Мөлтүр тамчы”, ”Жаңы муун”, ”Келечек Шооласы”, ”Маданият нуру”, ”Акылман Бөбөк” балдар бакчаларынын жетекчилеринин билдирүүлөрү жана жалпы ата-энелер чогулушунун протоколдорун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезексиз 7 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ”Нураида”, ”Мөлтүр тамчы”, ”Жаңы муун”, ”Келечек Шооласы”, ”Маданият нуру”, ”Акылман Бөбөк” балдар бакчаларынын жетекчилеринин билдирүүлөрүнүн жана жалпы ата-энелер чогулуштарынын протоколдорунун негизинде, ”Нураида”, ”Мөлтүр тамчы,” ”Жаңы муун”, ”Келечек Шооласы”, ”Маданият нуру”, ”Акылман Бөбөк” балдар бакчаларына кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |