Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7 - сессиясы
2025-жылдын 27-майы № 7/4
Социалдык жардамдын көлөмүн бекитүү жөнүндө.
Жоош айыл окмотунун социалдык кызматкери Б.Маразыкованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезексиз 7 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-2-3-топтогу майыптарга, аз - камсыз болгон үй-бүлөлөргө,кургак учук менен ооруп, каттоодо турган жарандарга:-саноторияга барса,жатып даарыланса 3000 (үч миң) сомдон,5000 (беш миң) сомго чейин, ал эми операциясы үчүн 10000 (он мин) сомго чейин материалдык жардам көрсөтүү жагы белгиленсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |