Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 8 - сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 8/1
2025-жылдын 6-айдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчынын отчету.
А.Ормонованын биринчи маселе боюнча сунушнун негизинде, алты айдын жана жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөт башчы өзү отчет бериш керек экендиги жана бул мыйзам талабы болгондуктан,бүгүнкү сессияга, айыл өкмөт башчы чакырылганына карабастан келбей койдугун эске алып,бүгүнкү сессиянын күн тартибинен бул маселени алып салуу керектигин жөнүндөгү сунушун угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 8-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдын 6-айдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчынын отчету, айыл өкмөт башчы чакырылганына карабастан келбей койдугун эске алып,бүгүнкү сессиянын күн тартибинен алып салынсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, депутаттык этика, дин иштери, мандат, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти сактоо, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |