Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 8 - сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 8/2
Жоош айылдык кенешинин алдындагы ветеринардык сервистердин жана тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу ,социалдык кызматкерлердин ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, айылдардагы көрүстөндөрдүн иштеши, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу жөнүндө.
Жоош айыл окмотунун башчысынын орун басары Н.ТокторбаевдинЖоош айылдык кенешинин алдындагы ветеринардык сервистердин жана тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу ,социалдык кызматкерлердин ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, айылдардагы көрүстөндөрдүн иштеши , муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 8 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл окмотунун башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин “ Жоош айылдык кенешинин алдындагы ветеринардык сервистердин жана тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу ,социалдык кызматкерлердин ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, айылдардагы көрүстөндөрдүн иштеши , муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу ” боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |