Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 8 - сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 8/4
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында,жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын контролдоо жөнүндө.
Жоош айыл окмотунун башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында,жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын контролдоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 8 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл окмотунун башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында,жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый - маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын контролдоо жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык - маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |