Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 8 - сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 8/6
Жоош айыл өкмөтүндө маалыматтык жана жарнамалык
түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү
жөнүндө.
Жоош айыл окмотунун башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин Жоош айыл өкмөтүндө маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII - чакырылыш кезектеги 8 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл окмотүнүн аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери боюнча типтүү жобосу бекитилсин жана бекитилген жобо боюнча иш алып барылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |