Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 8 - сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 8/7
Ар түрдүү маселелер ( №36 Зарбалик жана №30 Кызыл Сарай мектептеринин атын өзгөртүү боюнча элдик жыйындардын протоколдорун жана мектептердин педагогикалык кенешмелеринин чечимдерин кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун № 36 Зарбалик жана № 30 Кызыл Сарай мектептеринин атын өзгөртүү боюнча элдик жыйындардын протоколдору жана мектептердин педагогикалык кенешмелеринин чечимдери жана ат коюп берүү боюнча элдин арыздары менен тааныщтырды жана жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII -чакырылыш кезектеги 8 - сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылындагы № 36 Зарбалик орто мектебине Пазылов Сүйүнбай Абдиевичтин атын берүүго макулдук берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл Сарай айылындагы № 30 Кызыл Сарай орто мектебине Базарбаев Бегалинин атын берүүго макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |