Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 8 - сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 8/9
Жоош айылдык кенешинде жаңыдан уюшулган №5605
участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча ,
”Шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19 -беренесинин 7- бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 20.07.2025-ж. № 02-2-8/248 катынын жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 25.07.2025-ж. №03/935 сандуу катынын негизинде Жоош айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 8 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кенешинде жаңыдан уюшулган № 5605, участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талапкерлер бекитилсин.
2. Жоош айылдык кеңешинде жаңыдан уюшулган № 5605 участкалык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча элдик жыйындын протоколу бекитилсин жана сапаттык курамы Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |