Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9 - сессиясы
2025-жылдын 08-августу № 9/1
Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-айдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчынын отчету жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Токторбаевдин, Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-айдын жыйынтыгы боюнча, айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы,жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программысынын аткарылышы тууралуу отчетун жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылыш кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Токторбаевдин, Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-айдын жыйынтыгы боюнча, айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программысынын аткарылышы тууралуу отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |