Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9 - сессиясы
2025-жылдын 08-августу № 9/3
Маданият жана Мамажан айылындагы бала бакчаларынын жетекчилеринин 3 сааттык бала бакчаны,10 сааттык бала бакчага өткөрүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө.
Жоош айылдык кенешинин катчысы А. Гайыповдун Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият жана Мамажан айылындагы бала бакчаларынын жетекчилеринин 3 сааттык бала бакчаны,10 сааттык бала бакчага өткөрүү боюнча кайрылууларын угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII - чакырылыш кезексиз 9 - сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият жана Мамажан айылындагы бала бакчаларынын жетекчилеринин 3 сааттык бала бакчаны,10 сааттык бала бакчага өткөрүү үчүн, бала бакчанын имаараттарынын талапка жооп бериши боюнча, тийиштүү мекеме ишканалардан кортунду алуу жана тийиштүү иш алып барыш үчүн комиссия түзүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |