Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9 - сессиясы
2025-жылдын 08-августу № 9/5
Жоош айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдагы бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 4000.0 миң сом акча каражатын кошумча статьяларга бөлүштүрүү жөнүндө.
Жоош айыл окмотунун ФЭБ башчысы С.Аманбаевдин : Жоош айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдагы бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 4000.0 миң сом акча каражатын кошумча статьяларга бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн жана Жоош айылдык кенешинин алдындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезексиз
9 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдагы бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү, киреше салыгынан ашыкча келип түшкөн 4000.0 миң сом акча каражаты, кошумча статьяларга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
2215-элементине-1518,1 миң сом;
2221-элементине-725,6 миң сом;
3111-элементине-1388,1 миң сом;
3112-элементине-368,2 миң сом;
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |