Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-июлу №7/41
«Джейэмэн Дэволоплент» жоопкерчилиги чектелген коомуна жеӊил автоунааларды, автобус, дрон чогултуучу ишканасын курууга макулдук берүү жөнүндө
«Джейэмэй Дэволоплент» жоопкерчилиги чектелген коомуна жеӊил автоунааларды, автобус, дрон чогултуучу ишканасын куруу үчүн убактылуу берүүдө Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин сессиясы токтом кылат:
1. «Джейэмэй Дэволопмент» жоопкерчилиги чектелген коомуна жеӊил автоунааларды, автобус, дрон чогултуу ишканасын курууга «Кош-Дөбө» участогунда жайгашкан №1025 контурдан 0,39 га, №1044 контурдан 0,03га, №1047 контурдан 0,8 га, №1048 контурдан 0,06 га, №1049 контурдан 1,43 га, №1061 контурдан 2,27 га, №1062 контурдан 1,02 га, жалпы 6,0 га «Өнөр жайынын, транспорт, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» котегориясындагы жер участогун убактылуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө пайдаланууга макулдук берилсин. Узартуу жагы каралсын.
2. Жер аянтын берүү тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине сунуштоо жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын орун басары | Б. Оморов |