Редакцияот 05.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын

 

2025-жылдын 05-декабры №9

 

““Бал Тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча бала алуу жана балдардын тамак ашына акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 24.11.2025-жылдагы №01-18/4267 чыгыш сандуу катынын 1-пунктунда “Бал Тил” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча бала алууга жана балдардын тамак ашына керектүү акча каражаттарын бөлүп берүүнү карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

 

1.Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айлындагы “Бал Тил” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ар бир тайпасына 2026-жылдын январ айынан баштап 6 (алты) баладан алууга уруксат берилсин.

 

2.Бала бакчага кабыл алынган балдардын күнүмдүк тамак-ашын камсыздоо 2026-жылдан ата-энелердин каражаттарынын эсебинен мыйзам чегинде эсептелинип, каржылансын.

 

3.Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.М.Козубаев