Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII чакырылыш, №6 сессиянын кезексиз отурум
2025-жылдын 5-июну № 23
Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чектерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 68 Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын, чек араларын түзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Жайыл айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыл айылдык кеңеши, кезексиз сессиянын токтомун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн орун басар- жооптуу катчысы Л.А.Тологоновага жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.К. Чолпонкулов |