Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №10
“Айыл чарба багытындагы жерлерди өз багытында пайдалануу максатында жана айыл чарба багытында жерлерди мамлекеттик фондусунун жерлерине мамлекеттик акт алып каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 27.11.2025-жылдагы №01-18/4324 чыгыш сандуу 4-пуктан турган кайрылуусун, карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Республикалык агрохимия топурак станциясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан инвентаризация иштеринин жүрүшүндө токой чарбанын жерлеринин аймагында жеке жарандардын үлүш жерлери жана турак жайлары жайгашып калгандыктан калктуу конуштун ичинде жайгашкан
- Курулуш айылынын Терс участкасынан 15 га ,
- Жаңы-Базар айылынан 50га ,
- Айгыр-Жал айылынан 50 га ,
- Кайың-Суу айылынан 150га ,
- Чакмак-Суу айылынын 30 га жерлерин айыл аймактын эсебиндеги Кара-Токой участкасынын 245 га токой жерлерине алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар, Чандалаш, Айгыр-Жал, Кайың-Суу, Коргон-Сай, Башкы-Терек айылдарындагы жарандардын жалпы 130 га үлүш жерлери жайыт эсебиндеги жерлерге жайгашып калгандыктан, жайыт эсебиндеги жерлерди айдоо катары санап кетүүгө макулдук берилсин.
3.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин, иштетилбей келе жаткан;
- Кара-Шоро участкасындагы №311 контур 10,7 га суугат айдоо,
- Аякы-Терек участкасындагы №77 контур 4,4 га,
- Аякы-Терек участкасындагы № 78 контур 1,9 га ,
- Аякы-Терек участкасындагы № 79 контур 2,0 га
- Ак-Булак участкасындагы № 1370 контур 17 га чөп чабык ,
- Ак-Булак участкасындагы №1384 контур 2,1 га чөп чабык,
- Ак-Булак участкасындагы №1386 контур 3,2 га,
- Ак-Булак участкасындагы № 1387 контур 8,0 га кайракы айдоо пайдаланууга жараксыз жерлер, пайдаланылбай келе жаткан жерлерди, бүгүнкү күндө ижарага берилип келе жаткан жерлер менен алмаштырууга макулдук берилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигнин Чаткал филиалынын 2025-жылдын 05-декабрындагы №01-4/293 чыгыш сандуу катынын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерине мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алынсын.
5.Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго жана айыл чарбасы жана айлана чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча адиси Т.Мурзалиевага милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |