Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 24-ноябры № 10/15
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомундагы Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде бекиген сметасына ылайык Аппараттын 3111 имараттар жана курулуштар беренесинен үнөмдөлгөн 28500 (жыйырма сегиз миң беш жүз) сом акча каражатын аппараттын 2215 башка чыгымдар беренесине, 3112 машиналар жана жабдуулар беренесинен үнөмдөлгөн 140800 (бир жүз кырк миң сегиз жүз ) сом акча каражаттын 30000 (отуз миң) сом акча каражатын орто мектептин эсебине 2212 башка байланыш кызматы беренесине, 10000(он миң) сом акча каражатын аппараттын 2212 башка байланыш кызматы беренесине, 100800 (жүз миң сегиз жүз)сом акча каражаты аппараттын 2215 башка чыгымдар беренесине жылдырылып берилсин. Орто мектептин 2221 учурдагы ремонт иштеринен үнөмдөлгөн 7400(жетимиң төрт жүз) сом акча каражаты Нур-Байгазак бала бакчасынын бюджеттик эсебине 2221 учурдагы ремонт иштерине жылдырылсын.
2. Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы С. Сыдыковага тапшырылсын
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү Чет-Нура айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Мамырбеков Асылбеке милдеттендирилсин.
Төрага: | С. Бектемир уулу |