Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-июлу №7/43
Миӊ-Булак айыл аймагында мүлк салыгынын зоналык коэффицентин кароо жөнундө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 жарлыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Нарын областынын Нарын району боюнча башкармалыгынын 13.06.2025-жылдагы №038-038/03/516 каты боюнча Салык кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык зоналык коеффиценттер (Кз) жана нарктык зоналар боюнча талкуулап, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участокторунун зоналык коэффиценти 1,8 эсебинде бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төраганын орун басары | Б. Оморов |