Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 24-ноябры № 10/18
Чет-Нура айыл аймагынан Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна тапшырылып жаткан долбоорду бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынан Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна тапшырылып жаткан Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылына дан эгиндерин тазалоочу сепаратор сатып алуу долбоорун бекитип берүү, айыл башчысынын кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган Орто-Саз айылына дан эгиндерин тазалоочу сепаратор сатып алуу долбоору жактырылып бекитилсин.
2. Токтомду аткарылышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы С. Сыдыковага тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү Чет-Нура айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Мамырбеков Асылбеке милдеттендирилсин.
Төрага: | С. Бектемир уулу |