Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII Чакырылыш, 7-кезексиз сессиялык отурум
2025-жылдын 26-июну № 25
2026-2028-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
2026-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 12.12.2019 № 147-П буйругуна жана 2025-жылга бюджеттик процесстин графигине ылайык, ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан сунушталган материалдарды угуп жана талкуулагандан кийин, Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өз кирешелерден жана атайын каражаттардан турган 2026-2028-жылдарга айылдык аймактын бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:
| Баардыгы | Өз кирешелер | Атайын каражаттар |
2026-жыл | 27208,0 миң.сом | 21634,0 миң.сом | 5574,0 миң.сом |
2027-жыл | 27214,0 миң.сом | 21634,0 миң.сом | 5580,0 миң.сом |
2028-жыл | 27214,0 миң.сом | 21634,0 миң.сом | 5580,0 миң.сом |
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.К. Чолпонкулов |