Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №11
“Даярдалган долбоор сметанын негизинде муниципалдык менчиктеги имараттардын айанасын короолого акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 03.12.2025-жылдагы № 01-18/4427 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имараттардын айланасын королоого тиешелүү акча каражаттарын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүүгө уруксат берүү боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги төмөнкү имараттардын айланасын королоого тиешелүү акча каражаттарын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин:
- Жаңы-Базар айылында жайгашкан айыл өкмөттүн имаратынын айланасын королоо үчүн 162 949 (бир жүз алтымыш эки миң тогуз жүз кырк тогуз) сом,
- Жаңы-Базар айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын (жарандарга кызмат көрсөтүү борборунун) айланасын королоо үчүн 173 743 (бир жүз жетимиш үч миң жети жүз кырк үч) сом,
- “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын айланасын королоо үчүн 223 167 (эки жүз жыйырма үч миң бир жүз алтымыш жети) сом,
- Т.Жаналиев атындагы орто мектептин имаратынын айланасын королоо үчүн 848 745 (сегиз жүз кырк сегиз миң жети жүз кырк беш) сом,
- С.Чондоева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын айланасын королоо үчүн 373 435 (үч жүз жетимиш үч миң төрт жүз отуз беш) сом,
- Курулуш айылында жайгашкан ФАПтын имаратынын айланасын королоо үчүн 115 522 (биз жүз он беш миң беш жүз жыйырма эки) сом,
- Кара-Терек участкасына суу линияларын куруу үчүн жол салууга 1 860 831 (бир миллион сегиз жүз алтымыш миң сегиз жүз отуз бир) сом.
2.Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |