Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №12
“Долбоор смета даярдоого акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 17.11.2025-жылдагы № 01-19/4159 чыгыш сандуу катынын 6-пунктунда көрсөтүлгөн С.Чондоева мектепке чейинки билим берүү уюмунун отун көмүр сактоочу жайын чоңойтууга жана 04.12.2025-жылдагы №01-19/4448 чыгыш сандуу катынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Ак-Таш айылында салынып жаткан Тешик-Арык каналынын ишин алдыга жылдырууга акча каражаттарын бөлүп берүүнү угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Курулуш айылында жайгашкан С.Чондоева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун отун көмүр сактоочу жайын чоңойтууга жана Ак-Таш айылында салынып жаткан Тешик-Арык каналынын жасалуучу ишинин долбоор сметаларын жасатууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |