Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-июлу №7/45
Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы орто мектебинин электр мамычаларын жылдырууга трансформатор орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязов атындагы орто мектебинин күн батыш тарабындагы электр мамычаларын жылдырууга трансформатор орнотууга макулдук берүү үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязов атындагы орто мектебинин күн батыш тарабындагы электр мамычаларын жылдырууга жана тарнсформатор орнотууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төраганын орун басары | Б. Оморов |