Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-январы № 12-т
Бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 20-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө борборун түзүү тартибинде жана шарттарында:
– 8-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацында “жана бажы жол-жоболорун” деген сөздөр алып салынсын;
– 7-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Борбордун аянтчасында ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын функциялары
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди алууга жана берүүгө өтүнмөлөрдү кабыл алууну жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борборуна жана (же) бажы органдарына жөнөтүү үчүн бажы чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрөт.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) каттарды, арыздарды, документтерди кабыл алууну;
2) салык төлөөчүнү каттоону (кайра каттоону), эсептик каттоону, ишин токтотууну каттоону;
3) кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоону жана каттоону жокко чыгарууну;
4) салыктар, салыктык эмес төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчёттуулукту кабыл алууну;
5) “салык төлөөчүнүн кабинетинде” каттоону (салык кызматтарын электрондук вариантта колдонуу үчүн);
6) патенттерди жана камсыздандыруу полистерин, электрондук патенттерди берүүнү жана алардын колдонуу мөөнөтүн узартууну;
7) так отчёттуулук бланктарын каттоону;