Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
2025-жылдын 4-апрелиндеги №4/1
«Т.Балтагулов айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укук мөнөттөрү аяктаганына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны калбаганына байланыштуу, анын жаңы курамын түзүү максатында, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пункутуна жана Т.Балтагулов айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарандардын жана коомдук уюмдарынын чогулуштарынан келип түшкөн чечимдерин талкуулап, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 27-март 2025-жылы чыгарган корутундусун карап чыгып жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып,Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарында көрсөтүлгөн талапкерлер тизмеге ылайык Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын. (тизме тиркелет)
2.Т.Балтагулов айыл аймагынан түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын бекитип берүү жагы, Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.Хамракулов
|