Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
2025-жылдын 4-апрелиндеги №4/2
«Т.Балтагулов айыл аймагындагы айыл чарба техникаларынын тарифтик бааларын бекитүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагындагы айыл чарба техникаларынын жаз, күз айларында 1 га жерди айдап, себип жана оруп жыйноого карата тарифин белгилөө максатында айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 1-апрелинде өткөрүлгөн №3 отурумунун протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагындагы айыл чарба техникаларынын жана “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын балансында болгон техникаларынын жаз, күз айларында 1,0 га жерди айдап, себүү жана оруп жыйноого карата тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Т.Балтагулов айыл аймагында бекитилген тарифке ылайык кызмат көрсөтүнү көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|