Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын

 

  2025-жылдын 4-апрелиндеги №4/3

 

«Т.Балтагулов айыл аймагында 2025-жылга карата жайытка чыгуучу жандыктардын акыларын тарифин бекитүү жөнүндө»

  

Т.Балтагулов айыл аймагындагы жайытка чыгуучу жандыктардын акыларын жана көчүп келүү мөөнөттөрүн аныктоо максатында айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 1-апрелинде өткөрүлгөн №3 отурумунун протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Т.Балтагулов айыл аймагында алыскы жайыт пайдалануучулар мал башына 1 айга төлөөнүн өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Т.Балтагулов айыл аймагында жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй болуп белгиленсин:

-көчүп кетүү мөнөтү -апрель айынан май айына чейин;

-көчүп келүү мөнөөтү- сентябрь айынын ичинде.

3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

             Т.Хамракулов