Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
2025-жылдын 4-апрелиндеги №4/4
«Т.Балтагулов айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге каттоо жүргүзүүгө акча каражаты бөлүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №122 токтомуна ылайык Т.Балтагулов айыл аймагындагы айылдарда каттоого даярдык көрүү жана каражат бөлүү максатында айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 1-апрелинде өткөрүлгөн №3 отурумунун протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагындагы Ак-Коргон, Сафед-Булан, Баястан, Ак-Там, Жапа-Салды, Кызыл-Ата жана Падек айылдарында, айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө статистика органдарынын чыгымдарынын сметасына жана эсептөөлөрүнө ылайык жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|