Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
2025-жылдын 4-апрелиндеги №4/5
«Т.Балтагулов айыл аймагындагы Ак-Там айылында курулган “Марям Апа” балдар бакчасынын имаратына аткарылган кошумча жумуш үчүн акча каражатын төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
“Эрэдан” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Ак-Там айылындагы 90 орунду бала бакчанын имаратынын кошумча аткарилган иштери боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун 2025-жылдын 20-мартындагы чечиминин негизинде айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 1-апрелинде өткөрүлгөн №3 отурумунун протоколундагы сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эрэдан” жоопкерчилиги чектелген коомуна аткарган кошумча иштери үчүн жыл ичинде 2 159 000 (эки миллион бир жүз элүү тогуз миң) сом акча каражатын бөлүп төлөп берүүсүнө макулдук берилсин.
2.Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|