Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
2025-жылдын 4-апрелиндеги №4/6
«Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн атайын төлөм каражатына кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-ашы үчүн бекитилген каражатка кошумча акча каражаты бөлүп берүү боюнча айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Г.Хамрабаевдин берген маалыматтарын карап чыгып, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 1-апрелинде өткөрүлгөн №3 отурумунун протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын атайын төлөм каражатынын 2025-жылдын 2218 беренеси боюнча киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча 8000,0 миң сом жыл ичинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн башчысы Р.Кийикбаевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|