Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
2-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-апрели № 33
“Каныкей Апа” ысымын жаңы көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Семетей айылындагы М.Кояшев көчөсүнөн түштүктү карай Маданият үйүнүн аркасындагы узундугу 451 метр болгон жаңы көчөгө “Каныкей Апа” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Т.Мазиевдин кайрылуусун угуп, талкуулап, Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Семетей айылындагы М.Кояшев көчөсүнөн түштүктү карай Маданият үйүнүн аркасындагы узундугу 451 метр болгон жаңы көчөгө “Каныкей Апа” ысымы коюлуп, жаңы көчө “Каныкей Апа” атындагы көчө деп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |