Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 34
«Жер участогун алмашууга макулдук берүү жөнүндө»
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-майындагы кайрылуусунда көрсөтүлгөн, Семетей айылындагы 6-03-04-1001-1710 коду менен М.Б.Чойбековдун жеке менчигине катталган 1344,2 кв.м жер аянтын (курулмалары менен) 2025-жылдын 13-майындагы А.Бегалиевдин “Баалоо отчетунда” көрсөтүлгөн суммага тең баадагы Семетей айыл өкмөтүнө тиешелүү 6-03-04-1001-2746 коду менен катталган муниципиалдык 2000.0 кв.м жер аянтына алмашуу жана 6-03-04-1001-1710 коду менен 1344,2 кв.м жер участкасын муниципиалдык менчике каттап жанаша бош жаткан 655,8 кв.м жер аянтын кошуп, жалпысынан 2000.0 кв.м жер аянтын Манас райондук прокуратурасына жаны кызматтык имарат куруу үчүн алмашуу жолу менен Манас райондук прокуратурасына 6-03-04-1001-1709 коду менен катталган 1740 кв.м жер аянтына алмашуу тууралуу кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 1,2,3,4-пунктарына ылайык, Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айылынын Р.Джолдошев көчөсүндөгү 6-03-04-1001-1710 коду менен катталган 1344,2 кв.м жер аянтын тендеш баадагы 6-03-04-1001-2746 коду менен катталган муниципиалдык жер аянтынын ичинен 2000.0 кв.м жер аянтына алмашууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы 6-03-04-1001-1710 коду менен 1344,2 кв.м жер аянтына жанаша бош жаткан 655,8 кв.м жер аянтын кошуп, жалпысынан 2000.0 кв.м жер аянтын 6-03-04-1001-1709 коду менен Манас райондук прокуратурасына катталган 1740 кв.м жер аянтына (курулган имараттары менен) алмашууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |