Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы
2025-жылдын 31-декабры № 12/1
Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылынын аталышын
“Тынчтык” айылы деп өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген тартипке ылайык жана ВЛКСМ айылынын тургундарынын суроо талаптары боюнча протоколунун негизинде, Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айылдын учурдагы аталышы ВЛКСМ болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык “Тынчтык” деп өзгөртүү сунушу колдоого алынып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук жана коомдук тартипти сактоо, ак сакалдар соту, өзгөчө кырдаал, коомдук уюмдар, регламент, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн
Төрайым |
| Х.Ш.Артыкова |