Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 78
Баткен шаардык Кеңешинин 2026-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27; 34-беренелерине ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга сунушталган иш пландарынын негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги
XI сесссиясынын № 78 токтомуна
№1 тиркеме
№ | Каралуучу пландуу сунушталган маселелер | Каралуу убактысы | Кайсы туруктуу комиссия, ким тарабынан маселе даярдалат |
1.1 | Баткен шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө | 2026-жыл январь. | Ахмедова Ч. М. Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
|
1.2 | 2025-жылга Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы боюнча шаар мэринин отчётун угуу жөнүндө.
| 2026-жыл январь | Ахмедова Ч. М. Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
|
1.3 | Баткен шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш чараларын бекитүү жөнүндө | 2026-жыл январь | Ахмедова Ч. М. Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
|
1.4 | Баткен шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө | 2026-жыл Январь | Ахмедова Ч. М. Бюджет жана экономика маселелери б-ча туруктуу комиссиясы
|
1.5 | Шаардагы тариф саясаты жана антимонополиялык кызматтын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
| 2026-жыл январь | УМНЫ комиссиясы,
|
1.6 | Баткен Таза Суу ишканасынын аткарып жаткан иштери жана шаар калкынын таза суу менен камсыздоосунун абалы жөнүндө. | 2026-жыл февраль | Ахмедова Ч. М. Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
1.7 | Баткен шаарында санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын абалы жөнүндө. Мал-жандыктар калдыктарынын жок кылынуу абалы. Шаардык мал базарда ветеринардык кызматтардын жеткиликтүүлүгү. Медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүндө медициналдык калдыктардын жок кылынуу абалы (шаардагы бардык менчик түрлөрүнө карабастан). | 2026-жыл Февраль | Соц.комиссия |
1.8 |
Шаардагы көп жылдык бактарды жана айдоо жерлерди ижаралоонун абалы жөнүндө
| 2026-жыл Февраль | Курулуш, муниципалдык менчик комиссиясы |
1.9 | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууда жүргүзүп жаткан иштерин жана 2026-жылга жайыт төлөм акыларын бекитүү жөнүндө | 2026-жыл март | Ахмедова Ч. М. Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.10 | Баткен шаарындагы корукка алынган жерлердин, эстеликтердин, музейлердин, маданий жайлардын, китепканалардын абалы жөнүндө | 2026-жыл Март | Таштанов А Соц. Туруктуу комиссиясы |
1.11 | Шаардагы үрөөнчүлүк жана “Баткен-Тегирмен Башы” чарбаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө | 2026-ж март | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.12 | Баткен шаарынын өзгөчө кырдаалдын алдын алуунун абалы жөнүндө | 2026-жыл март | Таштанов А УМНЫ беруу комиссиясы |
1.13 | Баткен шаарынын ички көчөлөрүн, коомдук жайларын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана аларды күтүүнүн (кароонун) абалы жөнүндө. | 2026-жыл февраль | Таштанов А Соц.комиссия |
1.14 | Баткен шаардык муниципалдык автобазанын ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө | 2026-жыл Апрель | Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссия |
1.15 | Шаардын аймагында сугат сууну пайдалануу жана жеткирүү маселелери жөнүндө
| 2026-жыл май | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.16 | Шаардагы Аксакалдар кеңеши, Аялдар кеңеши жана Аксакалдар сотторунун, Жаштар кеңешинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
| 2026-жыл май | Таштанов А УМНЫ берүү туруктуу комиссиясы |
1.17 | Зордук зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө -экстремизим, терроризм иштеринин абалы -дин иштери комиссиясы, - ички иштер бөлүмү -пробациянын абалы -жазаларды аткаруу (окуучулар жана атайын окуу жайлардын студенттери)
| 2026-жыл май | Таштанов А Мыйзамдуулук укук жана Соц.комиссия |
1.18 | Муниципалдык менчик департаментинин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө -кыймылдуу кыймылсыз мүлктөрдүн абалы -айыл чарба жана айыл чарба эмес жерлер -азык түлүк коопсуздугу жаатында аткарылган жумуштар -жаныдан курулган имараттарды муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө
| 2026-жыл июнь | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.19 | Шаардагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөлөр жана аялуу катмардагы, көп балалуу үй бүлөлөрдү колдоонун абалы жөнүндө. | 2026-жыл Июнь | Таштанов А Соц. комиссия |
1.20 | Баткен шаарында ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштоо инспекциясы (ИДН) ишмердүүлүгү жөнүндө | 2026-жыл Июль | УМНЫ комиссиясы |
1.21 | Шаарда спорт жана дене тарбия иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө.
| 2026-жыл июль | Таштанов А Соц.комиссия |
1.22 | Баткен шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо. | 2026-жыл июль | Ахмедова Ч. М. Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
|
1.23 | ЕБРРдин долбоору менен “Баткен шаарынын ичүүчү таза суу жана булганыч сууларды тазалоо реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү жөнүндө.
| 2026-жыл июль | Ахмедова Ч Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.24 | Жалпы пайдалануудагы жер аянттарынын абалы жөнүндө (инфраструктурасы). | 2026-жыл июль | Таштанов А Соц.комиссия |
1.25 | Шаардагы билим берүү мекемелеринин балдар бакчаларынын, мектептердин жаңы окуу жылына карата материалдык-техникалык базасынын даярдыгы жана күз-кышка карата даярдыгы жөнүндө. | 2026-жыл август | Таштанов А Соц.комиссия |
1.26 | Шаар ичиндеги таштандыларды алып чыгып жок кылуу жана таштандыларды кайра иштетүүнүн маселелери жөнүндө. | 2026-жыл сентябрь | Таштанов А Соц.комиссия |
1.27 | Шаардагы муниципалдык кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн абалы жөнүндө. | 2026-жыл октябрь
| Ахмедова Ч. М. Курулуш, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
1.28 | Баткен шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 2025-жылдын 9 айдагы аткарылышы жөнүндө. | 2026- жыл октябрь | Ахмедова Ч. М. Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
|
1.29 | Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылга отчётун угуу жөнүндө. | 2026-жыл декабрь | Алдашова Ж. М. Туруктуу комиссиялардын төрагалары. |
1.30 | Баткен шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуунун профилактикалык иштердин абалы жөнүндө -жол кыймылынын абалы
| 2026-жыл Декабрь | УКМНЫ комиссиясы |
|
2.Уюштуруу иштери
|
|
|
2.1 | 2027-жылга шаардык Кеңештин иш планынын долбоорун иштеп чыгуу. -туруктуу комиссиялардын иш планын иштеп чыгуу. | 2026-жыл декабрь | Туруктуу комиссиялар
|
2.2. | Шаардык Кенеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышына анализ жүргүзүү. | Ар бир сессияда | Алдашова Ж. М. |
2.3 | Шаардык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн шаардык кызмат көрсөтүү мекемелеринин учурдагы абалын талдоо. | 2026-жыл январь | Тийиштүү комиссиялар |
2.4 | - Шаар аймагындагы аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу маселесин кароо. -“Ардактуу атуул” жана “Жаш кеменгер” наамдарына талапкерлерди тандоо жана бекитүү тартибин талкуулоо. | Жыл ичинде | Тийиштүү 2 туруктуу комиссия |
2.5. | Баткен шаарынын аймагында жашаган жарандардын жеке кайрылуулары, арыз-даттануулары боюнча маселелерди кароо;
| Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |
2.6 | Шаар мэриясынын жана шаардык кызматтардыншаардын ар тараптуу өсүп- өнүгүүсү үчүн тийиштүү ченем жаратууга сунуштарын кароо жана көзөмөлдөө. | Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |
2.7 | Жыл жыйынтыгы менен шаар калкы менен жолугушуу жана алардын наказдарын аткарууга жетишүү.
| Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |
2.8 | Шаар аймагында коомдук иш-чараларга, жана окуу-семинарларга жана жолугушууларга катышуу.
| Жыл ичинде | Жалпы депутаттар |