Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 80
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн “Баткен шаарынын 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчетун” талкуулоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2;3 –пункттарына, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн “Баткен шаарынын 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчетун” талкуулоо максатында, Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-октябрындагы отурумунун корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.”Баткен шаарынын 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчёту” талкууланып төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн жалпы отчетунда жана Жазма буйругунда көрсөтүлгөн каржылык жетишсиздиктер, белгиленген мөөнөттөрүндө ордун толуктоолор тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.
-Шайкештик аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн жетишсиздиктерге жооптуу кызматкерлерге мыйзамдын талаптарына ылайык чара көрүү жана талапка ылайык иш алып барбаган курулуш компанияларын “кара тизмеге” киргизүү сунушун берүү жагы Баткен шаарынын мэри С.Кулубаевге тапшырылсын.
-көрүлгөн чаралар боюнча маалымат шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында кайра уктурулсун жана эсептөө палатасына кат түрүндө маалымат берилсин.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаев/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |