Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 81
Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставын жаңы редакцияда
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун 2025-жылдын 1-ноябрындагы жалпы жыйынынын (курултайынын) протоколуна жана шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук коргоо, коопсуздук, кылмыштуулуктун алдын алуу, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, этика, ысымдарды ыйгаруу жана наамдарды берүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу максатында, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун 2022-жылдын 8-сентябрындагы Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын X сессиясынын №53 токтому менен бекитилген Уставы күчүн жоготту деп табылсын.
2.Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставы (Жобосу ) жаңы редакцияда кабыл алынсын (Уставдын түп нускасы тиркелет).
3.Баткен шаарынын калкына, шаардын коомдоштугунун Уставына жаңы редакцияда кабыл алынгандыгын шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын № 82 токтомуна №1 тиркеме Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Жобосу (Уставы) Биз, Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугу , өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен; ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп; өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү коомдоштуктун ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул жобону (уставды) кабыл алабыз. I. Жалпы жоболор II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары III. Жергиликтүү маанидеги маселелер IV. Жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары V. Жергиликтүү коомдоштуктун ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери VI. Жергиликтүү коомдоштуктун башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби VII. Жергиликтүү коомдоштукта жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери VIII. Корутунду жоболор I. Жалпы жоболор IX. Жалпы жоболор I. Шаардын аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставы - жергиликтүү коомдоштугунун жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү коомдоштуктун ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү коомчулуктун бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү коомдоштуктун бири- бири менен жана жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат. II. Ушул Жобо (Устав) Баткен шаарында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, Баткен шаарынын аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат. X. Негизги түшүнүктөр жана терминдер Ушул Жободо (Уставда) төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар; жергиликтүү коомдоштук – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен Баткеншаарынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары; жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү чечүүчү, шаардын аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери; өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар; демилгечи топ – ушул Уставга ылайык шаардык чогулушту жана курултайды өткөрүү, шаардын аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн шаардын аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме; (Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү коомдоштугунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет); жергиликтүү курултай (жергиликтүү коомдоштугунун курултайы) – а шаар аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү шаар аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлдөрүнүн жыйыны; муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш- милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү коомдоштуктун менчиги; жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү коомдоштугунун укугу; жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы. коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара; жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу; каада-салт– кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахла, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт. салт - жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат. эреже– бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.
XI. Шаардын аймагы (территориясы) I. Баткен шаарынын территориясы шаардын аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт. II. Шаардын территориясы төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт: XII. Базар-Башы аймактык башкармалыгы (АБ); XIII. Булак-Башы аймактык башкармалыгы (АБ); XIV. Келечек аймактык башкармалыгы (АБ); XV. Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгы (АБ) XVI. Кызыл-Жол аймактык башкармалгы (АБ); XVII. Чет-Булак аймактык башкармалыгы (АБ) XVIII. Баткен шаары түндүгүнөн Кара-Бак айыл Өкмөтү, түштүгүнөн Суу-Башы айыл Өкмөтү, чыгышынан Алтын-Бешик, батышынан Самаркандек айыл Өкмөтү менен чектешет. XIX. Шаардын чегиндеги мамлекеттик жана жеке менчиктерге карабаган мүлктөр шаар коомдоштугун түзөт. XX. Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугун башкаруу, маселелри шаардык Кеңеш, шаар мэриясы жана аймктык башкармалыктары аркылуу ошондой эле түздөн-түз референдумдар, жалпы жыйындар, курултайлар аркылуу жүзөгөашырылат. XXI. Баткен шаарынын өзүнүн эмблемасы, желеги жана салтанаттуу ыры (гимн) кабал алынган XXII. Баткен шаарынын коомдоштугу биригип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарынын, укуктук-ченемик документтеринин жана ушул Уствдын негизинде шаардын өз алдынча башкаруусун ишке ашырат. XXIII. 3.3.Шаардын юридикалык статусу: XXIV. Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаардык Кеңеш, мэрия) юридикалык жак болуп эсептелет. XXV. Баткен шаарынын мэриясынын, шаардык Кеңештин өзүнүн бланкасы, мөөрү, банкта атайы эсеби болот. XXVI. Бткен шаарынын өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде Республиканын аймагында жана анын чегинен сырткары иш алып барууга укуктуу. XXVII. Устав мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап күчүнө кирет. XXVIII. Баткен шаарынын мэриясы, шаардык Кеңеш жана шаардын коомдоштугу ушул Уставдын негизинде иш алып барууга укуктуу. XXIX. Жйгашкан жери: Баткен шаары, И.Жусупов көчөсү-46 XXX. 3.4. Шаардык өз алдынча башкруу органдарынын тутуму: XXXI. Баткен шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын системасы төмөнкүлөрдөн турут: XXXII. Өкүлчүлүктүү органдардан-шаардык Кеңеш жана шаардык коомдоштуктун өкүлдөрүнүн элдик курултайынан; XXXIII. Шаардык өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы-коллегиялуу органдан-коллегиянын жана мэриянын аппаратынан, шаарык өз алдынча башкаруунун башчысы- башкы кызмат адамы болуп саналган шаардын мэри башчылык кылган мэриядан; XXXIV. Коомдоштук өзүн-өзү башкаруу аймактарынан
XXXV. Шаардын аймактын жергиликтүү коомдоштугунун статусу, укуктары жана милдеттери
I. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, шаардын аймагында туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары шаардын аймактын жергиликтүү коомдоштугу түзүшөт. II. Жергиликтүү коомдоштук жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат. III. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү коомдоштук менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет. IV. Жергиликтүү коомдоштуктун өнүгүүсүнүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот: • коомдук өз ара аракеттенүү, коңушулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары; • чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги; • жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги; • жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги; • коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик; • аймактык коомдук башкаруунун (TOC) болушу жана активдүүлүгү; • жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу; • маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны); • өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш; • жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу); • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (ЖӨБО отчетторун угууга катышкан коомдоштуктун мүчөлөрүнүн саны); • жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү). V. Жергиликтүү коомдоштуктун зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү коом менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар. VI. Жергиликтүү коомдоштук мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.
XXXVI. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби I. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардын аймагында өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны шаардын аймагында жергиликтүү коомдоштугунун мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат. II. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаардын аймагында 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ. III. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт. IV. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлүгүнөн чыгат: • ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; • ал каза болгондо; • аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; • ал шаардан аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде. 6. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн укуктары 6.1. Жергиликтүү коомдоштугуун мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу: - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
|