Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 83
“Баткен шаарынын 2025-жылга инфратүзүмүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жакшыртуунун иш-чарасын бекитүү жөнүндө Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 28-январындагы №2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 6-ноябрындагы №01-12/6116; 28.11.2025 №01-12/6586 каттарынын, шаардык Кеңешинин бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.“Баткен шаарынын 2025-жылга инфратүзүмүн жергиликтүү бюджетттин эсебинен жакшыртуунун иш-чарасын бекитүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 28-январындагы №2 токтомунун №1 тиркемесинин 2- бөлүмүнө өзгөртүү киргизилсин:
2. 2025-жылда Баткен шаарынын инфратүзүмүн жакшыртуу иш-чарасына бекитилип берилген 2222 “чарбалык буюмдарды сатып алуу беренесиндеги үнөмдөлгөн 740 000 сом кыскартылып №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркелет)
шаардын 2025-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча түшүрүлгөн 9701,8 миң сомго №2 тиркемеге ылайык иш-чара бекитилсин (тиркелет).
3. Шаардын инфратүзүмүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жакшыртууда, 20.10.21 №123 Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинде каралаган компетенциянын чегинде долбоорлорду киргизүү жана ишке ашырууну Баткен шаарынын мэри С.Кулубаевге тапшырсын.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
5.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаевге / жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги
XI сессиясынын
№ 83 токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарын инфратүзүмүн 2025-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен жасалуучу иш чарасына киргизилүүчү өзгөртүүлөр:
1. 2222 “чарбалык буюмдарды сатып алуу” беренесинен 740000 миң сом (үнөмдөлгөн каражат) кыскартылып,
2. 3112 “машиналар жана жабдуулар” беренеси: ЖБИ заводуна эмеректерди сатып алуу үчүн 86000 000 сом кыскартылып төмөнкү иш чараларга чегерилсин
3. 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” беренеси- Юрикалык иш кагаздарга 4 740000 сом,
4. 3314 “ички карыз алуулар” беренесине-1 600 000 сом, атайын техника сатып алууга,
5. 3111 “имараттар жана курулмалар” Мээрим жаштар үйүн өңдоп түзөөгө 3 00 000 0 сом,
6. 3111 “имарттар жана курулмалар” 250 000 сом, Б.Ходжаев көчөсүнө 6 көздүү ажаткана куруу үчүн;
7. 3112 “машиналар жана камсыздоо” беренсине 150 000 сом, Базар-Башы АБ С.Айтматов мектебине 11 даана электр мамычасын алуу
8. 2214 “транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” беренеси 150000 сом, Кызыл-Жол АБ Салкын-Төр участкасына көпүрөө куруу иштерине жана Ак-Таш сел араны тазалоого
Жалпы суммасы: 9 340 000 сом
Жооптуу катчы Ж.Алдашова
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги
XI сессиясынын
№ 83 токтомуна №2 тиркеме
Баткен шаарынын 2025-жылга жергилиткүү бюжетине кошумча түшүрүлгөн каражаттын эсебинен шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу иш-чарасы
1. 3112 берене “ машиналар жана жабдуулар” –атайын техника сатып алууга 1 090 000 сом (ММД);
2. 3112 берене “машиналар жана жабдуулар” – жарманкелерди өткөрүүгө стол сатып алуу 100 000 сом (ММД)
3. 3111 берене “имараттар жана курулмалар” – Мээрим жаштар үйүн оңдоп түзөөгө 2 500 000 сом (ММД)
4. 3111 берене “имараттар жана курулмалар”- Муниципадык автобекетке 5401800 сом (ОКС),
5. 2211 берене “иш сапар чыгымдар” 60 000 сом,
6. 2215 берене “ ар түрдүү чыгымдар”- дем берүүчү грант курулуштарын көзөмөлдөө (техннадзор) 350 000 сом;
7. 2215 берене “ар түрдүү чыгымдар” 2026-жаңы жыл ишчарасын өткөрүү үчүн 200 000 сом
Жалпы суммасы: 9 701 800 миң сом
Жооптуу катчы Ж.Алдашова