Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 84
“Баткен шаарында таштандыларды алып чыгуунун жана таштанды жайларында таштандыларды жок кылуунун абалы жөнүндө”
Баткен шаарынын түштүк-чыгыш тарабында 25 га жер аянтын ээлеп турган атайын таштанды жайы Чет-Булак кварталынан 3 км, Мадина шаарчасынан 800 м аралыкта орун алган. Бул таштаны жайынын бүгүнкү күндөгү абалы жаңыланууну жана тазаланууну талап кылат. Таштанды жайында 1метр тереңдикте жасалып жаткан атайын чукурларга таштандылар салынып көмүлүп жатат. Бирок бул аракет жетишсиздигинен Кыргыз Республикасынын Экология Министрлигине долбоор сунушталып келерки жылга таштандыларды кайра иштетүү зводун ишке ашыруу планы бар.
Шаардын тазалыгын камсыз кылуу жана шаар ичиндеги таштандыларды атайын жайларга алып чыгуу үчүн “Баткен-Тазалык МИ” шартка ылайык тынымсыз иш алып барууда. Ошол эле учурда шаардын тазалыгын камсыз кылуу жетишсиз болуп турат: Баткен-Тазалык ишканасы, штаттык бирдик боюнча 15 киши эмгектенет.
Баткен шаарынын ички-көчөлөрүндө күн сайын таштандылар чыгарылып, коомдук жайлар тазаланып турулат. Бирок жашоочулар да тазалыкты сактамайынча, Баткен –Тазалык ишканасы күндөп тазалаганда таза болбойт.
Таштанды контейнерлери өз убагында бошотулуп шаар ичи тазалаган менен ал таштандылар атайын жайда кайра иштетилип жок болунуусу шарт.
Шаар аймагындагы таштандыларды ташуу таштоо жайы үчүн козомолдоо боюнча , 2 штаттык бирдик бекитилген азыркы учурда 1 штатта иштейт. 2021- жылы шаар аймагындагы таштандыларды ташуу үчүн 4дана ХАВО таштандыларды ташуу машинасы кызмат кылып, бир кундо 3 рейстен 12 тонна таштанды чыгарылып, 1 жылга 4320 тонна таштанды чыгарылган. 2022-жылы болсо, эл катмарынын өсүшү менен таштандыларды ташуу 1 жылга 5 420 тоннага өстү. 2023- жылы шаар аймагындагы таштандыларды ташуу үчүн 2дана ХАВО таштандыларды ташуу машинасы кызмат кылып, бир кундо 3 рейстен 18 тонна таштанды чыгарылып, 1 жылга 6 480 тонна таштанды чыгарылды. Полигондо таштандыларды суруп тазалоого 1 тайтапан (гусеничный экскаватор) 1 жыл ичинде 8 жолу суруп тазалады. 2024-жылы Баткен шаарынын элинин кобойушу, мекеме, ишканалардын кобойушу менен таштандыларды ташуу 1 жыл ичинде 10000 тоннага жетти. 2025-жылы полигонду 6 жолу тайтапан (гусеничный экскаватор) менен тазалап, сурдурүлгөн. “Баткен-Тазалык МИ” керектүү транспорттор өздөрүндө эмес. Керектүү мезгилде Автобазага заявка менен кайрылып, техника менен камсыздап турат . ЧЭ “Баткен Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан тартылган инвестициянын негизинде мусоровоз 10 тонналык – 1 даана, таштанды таштоочу челек -220 даана алынган.
Баткен шаарындагы чыгарылган таштандыларды кайра иштетүү заводун куруу менен бул көйгөйдү чечүү жолу колго алынгандыгын баса белгилөө менен Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы Токтом кылат:
-таштандыларды кайра иштетүү менен таштанды жайларын тазалооо үчүн тийиштүү чаралар жана керектүү каржаттар жергиликтүү бюджеттен каржылоого макулдук берилсин.
-шаар ичиндеги жашоочулар жана бардык мекеме-ишканалар (медициналык калдыктарды чыгарган мекемелерден тышкаркы), менчигинин түрүнө карабасатан, “Баткен-Тазалык” муниципалдык чарбалык ишканасы менен чыгарган таштандылар үчүн милдеттүү түрдө келишим түзүшсүн.
тактайлары ар дайым ордунда, коргоо тилкелери сакталсын.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
5.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык санэпид кызматтары боюнча туруктуу коиссиясына /Абдинаби у С/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |