Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 85
Баткен шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуу профилактикалык иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 17-пунктуна жана Баткен шаарынын аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында, шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат жана этика, ысымыдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуу профилактикалык иштеринин абалы жөнүндө маалыматы белгиленсин №1 тиркеме.
-Шаар аймагында 2025-жылдын 11 айында, 2024-жылдын 11 айына салыштырмалуу кылмыш көп катталгандыгы белгиленсин жана жоюу үчүн тийиштүү кызматтар тарабынан чаралар жүгүзүлсүн;
2. Шаар аймагында коопсуздуктун алдын алуу чараларына керектүү болгон (техникалык базасын чыңдоого) тийиштүү чараларга колдоолор көрсөтүлүп турулсун.
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясынын № 85 токтомунун
№1 тиркемеси
Баткен ШИИБдин 2025-жылдын 11 ай ичинде
кылмыштуулукту алдын алуу жана ыкчам-кызмат ишмердүүлүктөрү боюнча
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамынын жалпы криминогендик кырдаалды жана коомдук-саясий абалды туруктуу бойдон сактоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Министрлер кабинетинин токтомдорун, КР ИИМдин буйруктарын, буюрмаларын жана коллегияларынын чечимдеринин талаптарын аткаруу багытында төмөндөгү иштерди алып барышууда.
Баткен шаарынын аймагында 2025-жылдын 11 ай ичинде коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштардын бетин ачуу багытында бир катар приоритеттүү багыттар аныкталып, иш алып баруу уюуштурулуп, иш жүзүнө ашырылууда.
Материалдык техникалык базаны чыңдоо жана санариптештирүү багытында аткарылган иштер.
КР ИИМ тарабынан Баткен ШИИБдин КККнын МАЫӨ жана ЖИИ кызматкерлерине жалпы 13 даана “ZEBRA” үлгүсүндөгү планшет берилип, ШИИБдин каржы бөлүмүнө кириштелип, ар бир кызматкерге бекитилген. Бүгүнкү күндө КККнын МАЫӨ жана ЖИИ кызматкерлери тейлеген аймагында жашаган жарандарды электрондук каттоого алууда.
КР ИИМ тарабынан Баткен ШИИБдин КККнын МАЫӨ жана ЖИИ кызматкерлерине 13 даана “Hytera” үлгүсүндөгү боди-камера берилип, Баткен ШИИБү тарабынан 2025-жылдын 10–сентябрында №176 сандуу буйругу чыгарылып, КККнын ар бир кызматкерине боди-камера бекитилди.
Баткен шаарынын аймагында талапка жооп бере турган камераларды коомдук жайларга орнотуу боюнча жергиликтүү мекеме ишканаларга сунуштар жөнөтүлүп, жөнөтүлгөн сунуштардын негизинде 2025-жылдын 11 айында шаар аймагында жалпы 40 сапаттуу камералар орнотулуп, калган жерлерге камераларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Жыйынтыктап айтканда бүгүнкү күндө шаар аймагынын 51 жеринде видео камера орнотулуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Шаар аймагына орнотулган видео камералардын жардамы менен ачылган кылмыштар:
2025-жылдын 11 ай ичинде шаар аймагына орнотулган видео камеранын жардамы менен 10 уурулук, 2 тоноо, 3 бейбаштык, 2 автотранспорт каражаттарын укукка жат турдо ээлеп алуу, 2 алдамчылыктын бети ачылып, 3 издөөдө жүргөн атуул кармалган. Башка региондордон издоодо жургон 4 атуул кармалым тийиштуу ШРИИБтерге откорулуп берилген.
Жалпы кылмыштуулук боюнча:
2025-жылдын 11 айында Маалыматтарды электрондук каттоо Журналына (ЭМКЖ) жалпы –1114 (2024–ж 847) окуялар, б.а.+267 көп катталып, анын ичинен КБРге (Кылмыштардын Бирдиктүү Реестри) жалпы 152 (2024ж.-74) кылмыш иши козголгон. б.а. +78 га көп кылмыш иши козголгон.
Баткен ШИИБдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө жалпы 203 (2024ж.-102) кылмыш иши болуп, (+101 көп кабыл алынган) тергөөчүлөр тарабынан 104 кылмыш иши боюнча процессуалдык чечимдер кабыл алынып (2024ж-68) (+36 көп чечим кабыл алынган) 51,2% тузгон.
2025-жылдын 11 айында Баткен ШИИБдин отчеттук мезгилиндеги өндүрүшүндө 167 (2024-ж-71 ) кылмыш иши болуп анын ичинен 100 (2024-ж.62) кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 59% (2024-ж. 87%) түзгөн, былтыркы жылга -28 % аз. Эски жылдан 16 КИ бети ачылган.
Соттун кароосуна 49 (2024ж-21) кылмыш иши жиберилип +28ишке көп жиберилген.
(КЖКнин 130-бер. 2, 136-бер. 2, 154-бер. 4, 178-бер. 11, 205-бер. 8, 209-бер. 3, 210-бер. 1, 211-бер. 1, 280-бер. 1, 282-бер. 1, 315-бер. 1, 332-бер. 1, 370-бер. 4, 379-бер.-1,180-бер-1, 131-бер-2, 206-бер.-2, 312-бер-1, 374-бер.1) КИБ багытында 25.
Өндүрүштөн жалпысынан 60 (2024-ж. 48) кылмыш иши кыскартылган,
+12.
Отчеттук жылга өндүрүштө 149 (2024-67) кылмыш иши болуп анын 94 (58) бети ачылып ачылуу пайыз 63% (2024-ж. 87%).
Баары болуп жылдын башынан бери 68 (+1 выделенный А) кылмыш иши боюнча чечим кабыл алыган эмес.
Анын ичинде 48 (+1 выделенный “А”) сотко чейинки өндүрүш иштери калдык болуп өндүрүштө турат, 40 иш өздүгү менен.
(КЖКнин 37/122-бер. 1 иш, 337-бер. 33 иш, 216-бер. 1-иш, 209-бер 13 иш).
2025-жылдын 11 айындаКЖПКнин 246-бер. 1-бөл. 3п менен 20 ( 2024-ж. 3) кылмыш иши токтоп турат.
(КР КЖКнин 280-1, КЖКнин 282-1, КЖКнин 205-4, КЖКнин 209-8 иш, 337-бер. 4-иш, 379-бер. 2 иш) анын ичинен 5 кылмыш иши боюнча кишилери аныкталган, декабрь айы менен чечимдер кабыл алынат.
2025-жылдын 11 айында шаар аймагында Тергөө органдары тарабынан жалпы КР КЖПКнин 96-бер. менен 15 (2024-ж. 2) адам камакка алынып, анын ичинен 15 (2024-ж. -2) адамга карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
■КР КЖПКнин 27-бер. менен кыскартылган иштерден 9 кылмыш иши Баткен райондук прокуратурасы тарабынан бузулган. Кайра эле отчеттук мезгилде кыскартылган.
Андан сырткары КР Башкы прокуратурасынын Электордук иштер боюнча берген көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иштердин электрондук вариянты АМСнын КБРне киргизилүүдө.
■2025-жылдын 11 ай ичинде АМС МЭЖге 1114 (2024-ж.847 ) материал катталып, башка органдан 51 материал келип, эски жылдан 22 материал өтүп тергөөнүн карамагында баары болуп 1187 материал болгон, анын ичинен КР КЖПКнин 27-бер. менен 764 (2024-ж 591) (+173) материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, анын ичинде бузуулардын негизинде чара көрүү үчүн 156 материал ККК жиберилген, 88 материал боюнча прокуратура органынан токтомдору бузулган, (бузулган материалдар боюнча 19 кылмыш иши козголгон)