Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 86
Баткен шаарынын аймагындагы жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багытын өзгөртүүгө Баткен шаарынын мэриясынын программасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-статьясынын 6-пунктуна, 18-статьясына жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы “Баткен шаарынын аймагында жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багытын өзгөртүүгө боюнча программасы” сунушунун жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
Төрага |
А.Аширов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
Баткен шаарынын мэриясы
Баткен шаарынын жарандарынын “Турак жай” багытындагы жер аянттарын “Коммерциялык багытка” которуу боюнча
ПРОГРАММАСЫ
Баткен шаары 2025-жыл
Баткен шаарынын жарандарынын “Турак жай” багытындагы жер аянттарын “Коммерциялык багытка” которуу боюнча
ПРОГРАММАСЫ
Баткен шаарын Баткен облусунун борбору катары эсептелет.
Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №247 сандуу мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтому менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана саны бекитилген.
Баткен шаарынын административдик чектеш жактары: түндүк жагынан Кара-Бак айыл өкмөтү, түштүк жагынан Суу-Башы айыл өкмөтү, чыгыш жагынан Төрт-Гүл айыл өкмөтү, батыш жагынан Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен. Баткен шаарынын жалпы аянты 43484 га түзөт.
Бүгүнкү күндө Баткен шаары алты административдик аймактык башкармалыктардан турат. Шаар калкы 36852 адамды, кожолуктун саны 7639 түзөт. Алсак,
№ | Айыл, райондор боюнча калктын саны, киши | Калктын саны (адам) | Кожолуктун саны |
1 | Келечек аймактык башкармалык | 8462 | 1807 |
2 | Кызыл-Дөң аймактык башкармалык; | 10188 | 2021 |
3 | Кызыл-Жол аймактык башкармалык; | 6553 | 1088 |
4 | Базар-Башы аймактык башкармалык; | 3863 | 970 |
5 | Булак-Башы аймактык башкармалык; | 1355 | 342 |
6 | Чет-Булак аймактык башкармалык. | 6431 | 1411 |
| Бардыгы | 36852 | 7639 |
Баткен шаарынын аймагында 1 Баткен шаардык билим берүү бөлүмү, 7 орто мектеп, 2 башталгыч класстар үчүн мектеби, 3 жеке менчик башталгыч класстар мектеби, 6 бала бакча, 8 жеке менчик бала бакча;
1 Баткен шаардык маданият бөлүмү, 1 маданият үйү, 1 китепкана, 1 Манас комплекси, 2 эс алуу багы, 1 музыкалык-драма театры, 1 ҮДБ, 4 ҮДТ, 1 борборлоштурулган оорукана, 1 И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткен шаарындагы Академиялык клиникасы, 1 Баткен ШИИБ, 7 участкалык милиция бөлүмчөлөрү иштейт.
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы №22 токтому менен бекитилген “Баткен шаарын 2021-2025-жылдар аралыганда социалдык экономикалык жактан Өнүгүү Программасы” бекитилди.
Бул өнүгүү программанын алкагында калктын жеке ишкердүүлүгүн колдоо негизги приоритеттүү багыты болуп эсептелет. Тагыраак айтканда калтын жеке ишкердүүлүгү жыл сайын өсүп бараткандыктан айрым ишкерлер жеке менчик турак жай үчүн берилген жер аянттарын коммерциялык багытка которушуп ишкердүүлүк жүргүзүүгө кызыктар тараптар көбөйүүдө.
Калктын жеке ишкердүүлүгү менен Баткен шаарынын 2024-жылдын жыйынтыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын белгилеп өтүү зарыл. Алсак,
2024-жылдын январь-декабрь айларында өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 1 768 910,2 миң сомду түзүп, физикалык көлөмү 147,7%га, же өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 609 367,9 миң сомго көп аткарылган.
Бул көрсөткүчтү электр энергиясыз алганда 227 993,0 миң сомду түзүп, өсүү темпи мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105,1%, физикалык көлөмүнүн индекси 103,1% түзгөн.
Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда кичи жана калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча жалпы 150 ишканалар катталып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
Жеке ишкерлер жана кичи жана орто бизнесте иштегендер тарабынан – 2 489 044,7 миң сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлүп, 1 768 910,2 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү.
Шаар аймагындагы ишкерлерге жер участокторун ажыратып берүүдө Чет-Булак аймагынан 2019-жылы атайын 172,9 га өнөр жай зонасы бөлүнүп берилген. Учурда өнөр жай аймагында мал союучу жай, тоок ферма, асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу цех, темир-бетон кичи цехи ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
“Ак-Сай Кенч” тоок фермасынын жетекчиси жеке ишкер Абдулаев Адилет тарабынан 35 миң тоокко ылайыкташкан кошумча имарат курулуп, фермада тооктун саны 71 миңге жеткен. Учурда фермада күнүнө 70 миң даана жумуртка алынууда.
ӨНӨР ЖАЙ ИШКАНАЛАРЫ