Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2026-жылдын 28-январы, № 15/4
Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча ветеринардык адистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча ветеринардык адистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл айыл өкмөтүнүн ветеринардык адистери тарабынан жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча элге кызмат көрсөтүүдө айыл өкмөттө бир топ уюштуруучулук бир топ жумуштардын аткарылгандыгы кемчиликтерди эске алуу менен «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
2. Жугуштуу жана жугуштуу эмес деп аталган ылаңдарга каршы алдын-ала эмдөө иш чараларын иштеп чыгып, анын аткарылышы үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылсын, айыл аймагындагы сибирь жарасынын очокторунун айланасын дезинфекциялоо, зыянсыздандыруу, тосмолорду бекемдөө иштери өз убагында жүргүзүлсүн, эмдөөдөн өткөн малдардын актысы, тизмеси каттоо журналдарга түшүрүлүп,ар бир айылда малдардын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу айыл өкмөт башчысына бекиттирилсин.
3.Ветеринардык адис өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө айыл аймагына караштуу бардык айылдарга чыгууга график түзүп, анын негизинде бардык айылдарда жумуш алып барсын.
4.Идентификациядан өткөн ири мүйүздүү малдардын кириш-чыгышы, союлганы жана өлгөнү такталып, идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөр киргизилсин жана бул жумуш дайыма жүргүзүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |