Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2026-жылдын 28-январы, № 15/5
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын
2025-жылдын ичинде аткарган иштери жөнүндө
2025-жылдын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жөнүндөгү Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин маалыматы сын-сунуштарды эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын аткарып жаткан иштери жана айылдык кеңешке СЭӨП нын долбоорун алып киргизүү, белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу.
Төрага: | К.Төрөшев |