Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2026-жылдын 28-январы, № 15/6
Күз-кыш мезгилине карата мекемелерди, социалдык объектилерди даярдап, ремонттолушунун абалын кароо жөнүндө
Күз-кыш мезгилине карата айыл аймагындагы мекемелердин, социалдык объектилердин даярдалышынын абалын кароо жөнүндө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын карап жана талкуулап чыгып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы мекемелердин, социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы боюнча аткарган иштери кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Мекемелерде жана ишканаларда электр энергиясын үнөмдөө максатында мүмкүнчүлүккө жараша сарамжалдуу пайдалануу иш аракеттери мекеме жетекчилерине жана мектеп директорлоруна тапшырылсын.
3. Мекеме-ишканалардын, мектептерге жана калкка көмүр жеткирүү боюнча иштер толук аткарылгандыгы белгиленсин, түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр тартып келүү иш аракеттери тез арада жүргүзүлсүн.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерди тез арада жоюу жана аткарууга алуу, ошондой эле аткарылгандыгы тууралуу айылдык кенешке кат жүзүндө жооп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |