Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2026-жылдын 28-январы, № 15/7
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кен-Жылга айылынын тургуну Кебекова Бурулкандын арызынын негизинде өзүнө тиешелүү жеке менчикте турган бош жер тилкесинин максаттуу багытын мечит куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Кебекова Бурулкандын арызын кароо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси Ж.Зикировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Кебекова Бурулкандын арызынын, айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси Ж.Зикировдун баяндамасынын негизинде, Кен-Жылга айылында жайгашкан жеке менчикте турган бош жер тилкесинин максаттуу багыты мечит куруу үчүн деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактоо жана иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн өсүмдүк өстүрүү жана жер ресурстары боюнча башкы адиси Ж.Зикировго милдеттендирилсин.
3. Жер тилкесинин юридикалык иш кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жүктөлсүн, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |