Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 91
Баткен шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби” жөнүндө №502 токтомун аткарууга алуу жана
жайылтуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби “ жөнүндө №502 токтомун аткарууга алуу максатында жана Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзам, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат жана этика, ысымдарды ыйгаруу, наамдарды берүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби” жөнүндө №502 токтому жана бекитилген жобосу аткарууга алынсын жана Баткен шаарынын аймагына жайылтылсын.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
3.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө РеспубликаБаткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ жүктөлсүн
Төрага |
А.Аширов |