Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
1-отуруму
2026-жылдын 28-январы №1/3
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга аткарылышы, 2026-жылга малымат, 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2026-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү – 29368,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше – 9562,0 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 2342,1миң сом), Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 18933,7 миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт) – 2215,7 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык – 1453,1 миң сом (анын ичинен атайын каражат -307,1) жана чыгаша бөлүгү – 32164,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгү – 33097,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше –9966,7 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 1914,3 миң сом), Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 22375,9 миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт)–7042,9 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык – 422,3 миң сом (анын ичинен атайын каражат -386,3) жана чыгаша бөлүгү– 39807,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү – 36575,3 миң сом, анын ичинен Республикалык бюджеттен теңдештирүүчү трансферт – 22797,4 миң сом , өздүк кирешелер – 13777,9 миң сом (анын ичинен атайын каражат 1600,0 миң сом) жана чыгаша бөлүгү – 36575,3 миң сомго бекитилсин.
4. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2027- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы- 38301,8 миң сом, теңдештирүүчү трансферт 22797,9 миң сом, анын ичинен өздүк киреше – 15503,9 сомго (анын ичинен атайын каражат – 38301,8 миң сомго) бекитилсин.
5. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2028-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунуцн планы - 40188,3 миң сом, теңдештирүүчү трансферт – 22797,4 миң сом, анын ичинен өздүк киреше – 17390,9 миң сомго (анын ичинен атайын каражат - 40188,3 миң сомго) бекитилсин.
6. Курманжан Датка айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерде жана мекемелердге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлумүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлорунун орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жана айыл өкмөтүнүн СЭӨП бөлүмүнүн башчысына (Ж. Исакова) милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Жеңишбекке милдеттендирилсин.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |