Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 92
“Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө” жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө” 2022-жылдын 29-декабрындагы №69 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышы үчүн бекитилген Регламентине жана Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 8-декабрындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.“Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндөгү” №69 2022-жылдын 29-декабрындагы токтомунун: 1.7; 2.3; 2.4; 3.1; 3.2; 3.3 пункттарына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосу өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин. №1 тиркеме;
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
4. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |
| Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын №_92 токтомуна № 1Тиркеме |
Баткен шаарынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I.Жалпы түшүндүрмө:
Бул, Жобо Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 Баткен шаарынын “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү коомдоштуктун) – ЖКнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Шаардык кеңештин токтому менен бекитилген. Ушул ЖОБОго ылайык шаардык кенештин төрөгасы тарабынан 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына карата, Жыл жыйынтыгы менен, шаардын күнүнө карата салтанаттуу түрдө шаардык Кеңештин сессиясында же/ салтанаттуу коомчулуктун жыйынында ыйгарылат.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары –шаардык кеңеш, шаардык мэрия, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары, АТО
башчылары ээ болот.
1.4 “Баткен шаарынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү коомдоштуктун эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардык
аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Баткен шаардык
кеңешинин чечими менен берилет
1.5 “Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтери такталгандан кийин, өзүнүн официалдуу сайтында же социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыялайт. Андан кийин шаар мэринин сунушу менен талапкерлерди тиешелүү документтерин кошо шаардык кеңешке жөнөтөт.
1.6 Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон атуулдун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.7 Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 3 адамга (эки эркек 1 аял) ыйгарылат (орчундуу мезгилде 1 квота кошулуу сессияда макулдашылсын).
II. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Баткен шаарынын социалдык- экономикалык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорттун өнүгүүсүнө көп жылдар бою жеке чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, шаардын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Баткен шаарынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
2.3 Шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга ички жана сырткы инвестицияларды алып келген Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет элдик жарандарга;
2.4. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине иштеп жаткан мезгилинде бул наам ыйгарылбайт.
-Мамлекеттик, муниципалдык кызматтын, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин “Ардактуу атуул” наамына сунуштоо алардын кызматынан бошогондон кийин жүргүзүлөт.
-Шаардык Кеңешинин депутаттары үзгүлтүксүз 3 мөөнөткө шайланып, (мандатын тапшыргандан кийин) кийин “Ардактуу атуул” наамына сунушталат
III. Шаардын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Баткен шаарынын Ардактуу атуулу» деген Ардак Грамота, күбөлүк, лента жана төш белгиси ыйгарылат.
- “Баткен шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган учурда бир жолку материалдык акчалай сыйлык менен сыйланышат. Акчалай сыйлык 15,0 миң сом (шаар мэринин фондунан каржыланат) өлчөмүндө белгиленет жана шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жеке өзү үчүн өмүр боюу (таза суу, тазалык салыгы, муниципалдык автобустарда акысыз жүрүү жана жер салыгынан жеңилдик берилип өмүр боюу төлөмдөн ажыратылсын.)
-Ардактуу атуул наамынын ээси атуул дүйнөдөн кайткандан кийин берилген жеңилдиктер, токтотулат.
3.2 Баткен шаарынын “Ардактуу атуул наамына сунушталган документтер (комиссия бирничи иретте кароодон өткөрүп, квотадан ашып калгандар кезеке тургузулуп) кийинки жылы кайра киргизүүгө макулдук берилсин
3.3 Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар, жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин жылдык сметасы менен жүргүзүлөт.
3.4 “Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Баткен шаардык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
- 31- август Эгемендүүлүк күнүндө, жылдын жыйынтыгы менен, шаардын күнүнө карата
3.5 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
•талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү.
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү;
IV. Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу
Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы
Төмөндөгүдөй учурларда шаардык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:
Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;
Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Баткен шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Жооптуу катчысы: Алдашова Ж.М