Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 93
Баткен шаар аймагындагы жол кыймылынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы
№123 Мыйзамынын 27-беренесинин жана Баткен шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун болтурбоо жана алдын алуу максатында, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат жана этика, ысымыдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын аймагындагы жол кыймылынын абалы жөнүндө маалыматы белгиленсин. №1 тиркеме тиркелет;
2. Шаар аймагындагы жол белгилерин ар дайым оң абалда иштеп туруусу үчүн тийешелүүлүгүнө ылайык камсыздоо жагы шаар мэриясына /С.Кулубаев/ тапшырылсын.
3. Шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө кошумча штат бирдигин кошуп берүү өтүнүчү жогорку органдарга сунушталсын
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
5. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ жүктөлсүн
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясынын № 93 токтомунун
№1 тиркемеси
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү боюнча:
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги жөнүндө маалымат:
Баткен ШИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги жалпы – 7, анын ичинен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багыты боюнча – 5 кызматкер, жетекчи жана УКТ кызматкерлери -2. Азыркы күндө жетекчи жок вакант.
2025-жылдын 11 ай ичинде түрдүү тартип бузуулар менен жалпы 5 кызматкерге дисциплинардык тартип жазалары берилген.
2. Жол транспорт кырсыгынын абалы.
Баткен шаардык ички иштер бөлүмү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 11 ай ичинде жол-унаа кырсыгын болтурбоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык жана уюштуруу иштери жүргүзүлдү.
Алдын алуу иштеринин жана жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруудагы аракеттерге карабастан Баткен ШИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсунө 2025-жылдын 11 ай ичинде 22 жол транспорттук кырсыгы катталган. Андан 36 киши жараат алып, 2 киши каза болгон. Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы 10, жараат алган 10. Каза болгондор жок
2025- жылдын 11-айга карата жол транспорттук кырсыгынын анализи
| 2024-жыл | 2025-жыл | +/- | % |
Кырсык | 23 | 22 | _-1 | -4,34%га |
Каза болгону | 2 | 2 | = | = |
Жараат алганы | 32 | 36 | +4 | +12,5%га |
2025-ж 11-айга карата жаш балдардын жол транспорттук кырсыгынын анализи
| 2024-жыл | 2025-жыл | +/- | % |
Кырсык | 7 | 10 | +3 | +42%га |
Каза болгону | 0 | 0 | = |
|
Жараат алганы | 7 | 10 | +3 | +42%га |
Баткен ШИИБү боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн окуу жана түшүндүрүү иштери.
| 2024-ж. | 2025-ж. |
Жалпы өткөрүлгөн окуу жана түшүндүрүү иштери. | 61 | 59 |
-мектептерде жана башка окуу жайларында | 45 | 43 |
-мекеме-уюмдарда жана ишканаларда | 21 | 20 |
Массалык маалымат каражаттарынан чыгуу (газета). | 18 | 17 |
Телевидение, интернет | 24 | 21 |
Жол кыймылына жана административдик
практикага көзөмөл жүргүзүү боюнча анализи.
2025-жылдын 11-ай ичинде Баткен ШИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузган 5713 (2024-ж 4821) айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү салыштырмалуу +892 административдик протокол көп түзүлгөн. Анын ичинен автоунааны мас абалда башкарган 118 (2024-ж 107) айдоочуга карата түзүлгөн административдик протокол түзүлүп +11 адм.протокол көп, материалдар Баткен ШИИБү боюнча ЖКК кызматкерлери тарабынан тийиштүү чара көрүлүүдө.
, ошондой эле “Коопсуз шаар” долбору боюнча 638 даана протокол келген, төлөнгөнү 518 даана, 120 даана проткол төлөнө элек.
Баткен шаар аймагында ЖККК бөлүмчөсү тарабынан 2025-жылдын 11 ай
ичинде пландуу откорулгон рейдтер жана операциялар:
Рейддердин аталышы | Өткөруүгөн рейдердин саны | Мас абалда |
|
«Ролдо» | 9 | 15 |
|
«Конул бургула балдар » | 3 |
|
|
«Автобус» Коомдук унаа | 7 |
|
|
«Өз алдынча озгортүү» | 5 |
|
|
«Ылдамдык» |
|
|
|
«Жолду уруксатсыз казуу» | 3 |
|
|
«Авто-розыск-костоправ» | 4 |
|
|
«Айнегин уруксат-з каралатуу» | 3 |
|
|
«Бахус» | 6 | 10 |
|
«Рекламалык щит» | 4 |
|
|
«Жүк ташуучу транспорт» | 2 |
|
|
«Коркунучтуу жүк» | 1 |
|
|
«Акыркы конгуроо» | 1 |
|
|
«Гололед» | 1 |
|
|
«Стихийная торговля» | 4 |
|
|
«парковка» | 1 |
|
|
«Пешеход» | 10 |
|
|
«Авто розыск» | 3 |
|
|
«Транспорт каражатын уйротуу» | 2 |
|
|
Жалпы саны | 55 |
|
|