Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
1-отуруму
2026-жылдын 28-январы №1/6
Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну Жаанбаева Толгонай Чынтураевнанын арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин талаптарына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын тургуну Жаанбаева Толгонай Чынтураевнанын арызы канаатандырылсын.
2. Жар-Кыштак айылынан №500 контурундагы 7,6 га, №532 контурундагы 0,8 га, №533 контурундагы 0,6 жана №534 1,0 га жалпы 10 (он) га жер аянтына көрктөндүрүүгө жана туризмге 5 (беш) жылдык мөөнөткө макулдук берилсин.
3. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы “Курманжан Датка таза суу,тазалык,жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Жээнбековго, жайыт боюнча милдетин аткаруучу А. Камчыбек уулуна жана Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |