Редакцияот 19.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын

 

  2025-жылдын 19-июнундагы №5/1

 

«Т.Балтагулов айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү прогграммасын алкагында өнүктүрүү бюджетинин Планын бекитүү жөнүндө»

  

Т.Балтагулов айыл аймагында калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана өнүктүрүү прогграммасын өнүктүрүү бюджетинин Планын бекитүү максатында Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколунун чечим жана сунуштарын талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Т.Балтагулов айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү Планы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

                   2.Тиркемеге ылайык иш алып баруу жана аткарылгандыгы боюнча маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Кийикбаевге тапшырылсын.

              3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

              4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

             Т.Хамракулов