КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
1-отуруму
2026-жылдын 28-январы №1/7
Балдар бакчаларынын ата энелер тарабынан төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөмү жөнүндө
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүмүндө “Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын тамактануусун мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата энелер тарабынан каржыланат” деген беренесин талкуулап, Курманжан Датка айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөмунүн киреше бөлүгү айына Кабылан–Көл айылындагы №17 бала бакчасына 1 балага 1000 сомдон белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылашын камсыздоо жагы Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине тапшырылсын.
3. Бул токтом юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынынн Юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышынкозомолдоо жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгүл Насирдиновага милдеттендирилсин.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |